Жогорку Кеӊеште Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы келишим ишкерлердин 1 млн долларга жана бажы тарифинен 42 млн долларга чейин үнөмдөөгө өбөлгө түзөт. «Андан тышкары, бул келишим ратификацияланып калса, эттин экспорту 80 пайызга, төө буурчактын экспорту 40 пайызга өсөт деген божомол бар», - деди ал.

 

Депутаттар мында ары да Ирандын рыногун дыкат иликтеп чыгып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерди, анын ичинде соода-экономикалык алакаларды арттыруу зарылдыгын белгилешти.