Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү тарабынан бир катар маселелер көтөрүлдү.
Депутат Аида Касымалиева курулушу аягына чыкпаган мектептердин көйгөйү орчундуу маселеге айлангандыгына токтолуп, Ош облусунун Өзгөн районундагы курулушу бүтпөй жаткан бир катар мектептерди жана бала бакчага муктаж болгон айылдарды тизмектеди.
Өзгөн районундагы мектеп маселесин улаган депутат Улукбек Ормонов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул мектепте окуу кооптуу деп корутунду чыгарган мектептерге дагы көңңл буруу зарылдыгын кошумчалады. Мындан сырткары, У.Ормонов Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев, 54 дарегиндеги үйгө жылуулук тиешелүү өлчөмдө берилбей жатканын шаар мэриясына жолдоду.
Депутат Айнуру Алтыбаева бала бакчаларга балдарды кабыл алуу электрондук жазылуу аркылуу болуп калгандыгын жакшы саамалык катары айтып, эми бул ыкма жер-жерлерде дагы колдонулса дейт.
Депутат Карамат Орозова Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак жана Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн тургундары жаш үй-бүлөлөргө өзүнчө жер тилкеси бөлүнбөй жаткандыгын Өкмөткө багыттады. Эл өкүлү үй салууга жери жок жарандар үлүшкө берилген жерлерине үй салып алышкандыгын, курулуш болуп жатканда тиешелүү мамлекеттик органдардын бири дагы эч нерсе дебей, курулуп бүткөндөн кийин текшерүүлөр болуп жатканын сынга алды. Депутат К.Орозова жер-жерлерде үй салууга жер тилкесин ыкчамдатып трансформациялоону талап кылды.