Өткөн саныбызда биз Токтогул районундагы Жаңы-Жол айыл аймагынын башчысы Эркин Тойгонбаевдин адамдын кускусун келтире турган айбанча жоруктарын сүрөттөгөн элек. Биздин максат – жогору бийлик адамдарынын көңүлүн буга окшогон шерменде кадрлардын жоруктарына буруу болчу. Себеби, сакалын чокчойто коюп алып элге даават айтканы менен жасаган иши ыймандан тыш мындай адамдарды элди башкарууга такыр жолотпош керек.

 

 

Макала жарыялангандан кийин да, буга чейин айтып жүргөндөй - “керек болсо илюбой проблеманы президенттин жанындагы адамдарга айтып, чечип алам!”- деген кебин кайталап, дегеле камырабай, курсагын салаңдатып жүргөнүн кабарлашты. Анын жалган дыйкан чарбага жетекчи болгону, кантип жергиликтүү кеңеш депутаттарын сатып алып айыл аймак башчысы болуп алганы, АРИСтин техникаларын өз кызыкчылыгына пайдалануу менен акча жасап жүргөнү, Комсомол айылындагы кызыл кумдун карьерин жеке ишкерлер аркылуу саттырып байлыгын арттырып атканы, “президенттин агасынын өкүл баласымын”-  деп келген текшерүүнүн баарын чочутуп кууганы тууралуу мурунку санда кеп кылганбыз. Ал макаланы тиркеп, расмий түрдө президенттик аппаратка кат жолдодук, ал жакта териштирүү башталды.

 

Мына ушул мыйзам бузууларды жазып чыккандан кийин жаңы-жолдуктар чалышып, Тойгонбаевдин дагы бир тирукмуш жоругун айтып беришти. Эркин Тойгонбаев баштап Бишкекти байырлап, анан гана бул жактагы далай суу куяр аферисттиги жайылып, баса албай калганда гана айылга качып барган экен. Бул жакта бизнес кылам дейби, айтор, корей ишкеринин койнуна кирип, аны арбап, чоң суммадагы каражатты карызга ала койгон имиш. Кел-кел убактысы жакындап, корей каражатын кыстай баштаганда Эркин айтылу Остап Бендердин да мээси жетпеген гениалдуу план ойлоп чыгат. Айтор, бир күн корей карызын кыстап келсе эле Эркиндин үйүндө ый-өкүрүк. Тойгонбаевдин бул дүйнөдөн өтүп кеткенин угуп, мүрзөсүнө чейин барып, коштошуу зыйнатын кылат. Албетте, өлгөн адамдан акчаны кантип сурайсың, жалдыраган аялына карызды кечкенин айтат да, көздөн кайым болот. А чындыгында, Эркин Байтиктин мүрзөсүнөн жер алып, өзүнүн эстелигин ага орнотуп, калп эле, карыздан кутулуш үчүн өзүн өлгөн адам катары жарыялаптыр.

 

Бул акылга сыйбаган окуяны элден уктук. Исламда бул чоң күнөө, анан кантип уялбай элге даават айтат? Ау, Ак үй, мындай шермендеден эртерээк кутулбасаңар, бүт бийликти уят кылып бүтөт го? Баса, урматтуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, жана дин комиссиясы, мына бу Тойгонбаевге окшогон эргулдар ыйык динге да жогорудагыдай ыпластыктары менен шек келтирип жаткандыгына кандай карайсыздар? Же мындайларды тескей албайсыздарбы?

 

Аэлита Сатындиева

Булак: “Майдан.” Гезити, №040 (377), 31-октябрь 2018-ж.