Баткенде сегиз жашар баланы жолбун ит талаганын Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты. Натыйжада баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси дагы чайкалган.

 

Бул кайгылуу окуя үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында жүз берген. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жеткинчек саат 15.00дө реанимацияга жаткырылган. Дарыгерлер баланын башы, моюну, бети жабыркап, мээси чайкалганын, ошондой эле катуу шок алганын билдиришти.

 

Ушул тапта жеткинчектин абалы оор деп бааланууда. Ага учурда медициналык ар тараптуу жардам көрсөтүлүп жатат.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз