Аталган аймактардын тургундары электр энергиясынын жана ичилүүчү таза суунун, ошондой эле телефон байланышынын жоктугуна ыраса даттанышты. Мындан тышкары медициналык тейлөө чабалдыгын, социалдык пособиелерди жана жеңилдетилген кредиттерди алуу азапка айлангандыгын ачык айтышты.

 

Элеттиктердин датын жеринде тыңдашкан Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Пирматов, Ирина Карамушкина, Данияр Төлөнов жана Акынбек Жамангулов Чекара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын жетекчиси Абдыкерим Алымбаевдин коштоосунда алыскы аймактардагы “Коргон”, “Орто-Суу”, “Дейрес”, “Арап”, “Булак-Башы”, “Заркент” чек ара завставаларын дагы көрүп чыгышты.

 

Чек арачылардын негизги көйгөйү: чекара заставаларында жана бекеттеринде күйүүчү-майлоочу майлар тартыш. Ошондуктан, бул маселе жеринде эле чечилди. Ал эми парламентарийлердин бул сапарынын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин эл аралык байланыш, коргонуу жана коопсуздук Комитетинин жакынкы межилисинде дагы өзүнчө каралмакчы.

 

Алишер Токсонбаев