Кара-Суу районунун Мады кыштагына көчүп келишкен Тажикстандын Мургаб районунун этникалык кыргыздары башкаларга мыйзамсыз таратылган жер тилкелерин беш жылдык соттошуудан соң гана кайтарып алышты. Бул туурасында мургабдык этникалык кыргыз Акжол Кудайбердиев редакциябызга сүйүнчүлөдү.

           

Айтмакчы, Тажикстандын Мургаб райоунун байырлашкан кыргыздар 2013-жылы Кара-Суу райоунун Мады айыл өкмөтүнө көчүп келишкен эле. Кайрылман 80 адамга Кыргыз Өкмөтү  8 гектар жер ажыраткан. Бирок, булардын арасынан 45ине гана жер берилип, 35 адамдын жери Алай районуна караштуу Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жашоочуларына мыйзамсыз берилип кеткен. Ушундан улам жер тилкесиз калышкан этникалык ыкргыздар Ош облустук сотуна, анан Жогорку Сотко даттанышкан.

 

- Жогорку Сот биздин пайдабызга бир ыктай чечим чыгарды. 2013-жылдан бери соттошуп, акыры үлүшүбүзгө ээ болдук. Ушул тапта 35 адамдын арасынан 21ине 6 сотыхтан жер тартылып берилди. Калгандарына дагы кийинчерээк таратылат. Ошентип, узакка созулган чырдан соң жерибиздин чегин аныктап, а түгүл казык дагы кагып алдык, - деп кубанычын тең бөлүштү мургабдык этникалык кыргыз Акжол Кудайбердиев.

 

Айтмакчы, жер алып, турак жай салууну кыялданган мургабдык кыргыздар буга дерйре бул маселени далай ирет ар кандай деңгээлде көтөрүшкөн. Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунан журт которушкан кандаштарыбызга Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнөн ажыратылган жер аянты жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз сатылгандыгын биз дагы далай ирет жазганбыз.

 

Алишер Токсонбаев,

өз кабарчы