Бир кылымды камтыган кылмыш иликтөө кызматынын тарыхында өзүнүн мыкты профессионалдык деңгээлин көрсөтүү аркылуу калың элдин кыйырына, кыска элдин учуна таанылган адистер иштеп келди. Биз бүгүн сөз кыла турган инсан да өз иши менен эл алкышына татып келе жатат. Жогорку Кеңештин экс-депутаты, милициянын поковниги, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы чиндин (генерал-майорго теңделет) ээси, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын, “Даңк” медалынын, ошондой эле ИИМ, Башкы прокуратура, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, КР Жазаларды аткаруу комитетинин ж.б. министрлик-ведомстволордун бир канча медалдары менен сыйланган Туратбек Мадылбеков жөнүндө сөз кылуу биз үчүн да сыймык.

 

Туратбек мырза Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында төрөлүп өскөн, мектепте жакшы окугандыгы үчүн бүткүл дүйнөдөн окуучулар келип эс алуучу “Артек” пионер лагерине да барган. Мектепти бүтүргөндөн кийин, Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүрүп, андан кийин Россия Федерациясынын Омск шаарындагы милициянын жогорку мектебин бүтүргөн.

 

Өзүнүн эмгек жолун Фрунзе шаарында баштаган. Жөнөкөй оперативдик кызматынан Кыргыз Республикасынын кылмышкерлерди иликтөө кызматынын башчысынын биринчи орун басары кызматына чейин жеткен. Башкача айтканда, Туратбек мырза бул кызматтын ар бир тепкичин басып өткөн, тажрыйбасы мол инсан. Анын бай тажрыйбасын, эмгекчилдигин, принципиалдуулугун, жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин эске алуу менен, жогорку жетекчилик Туратбек Мадылбековго бир топ чоң кызматтарды ишенип берип, аны ал толук актаганын айтсак, жаңылышкан болбостурбуз. Барган жеринде татыктуу иштегендиктен, көптөгөн сыйлыктардын ээси боло алды.

 

Мисалы, кайсы жерлерге жетекчилик кылганына көз чаптырсак:

 

- ИИМдин кылмышкерлерди издөө кызматынын начальнигинин 1-орун басары;

 

- Чүй областтык кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө кызматынын жетекчиси;

 

- Чүй областынын Сокулук районунун жана Токмок шаарынын ички иштер органдарынын жетекчиси;

 

- Ош областынын Ноокат райондук ички иштер органынын жетекчиси;

 

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер органынын жетекчиси;

 

- 2010-жылкы революциядан кийин, оор мезгилде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы, Бишкек шаарынын коменданты болуп кызмат аткарган;

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Финразведканы (Финансылык чалгын кызматын) жетектеп турган;

 

Ошону менен бирге, 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына депутат болуп шайланган. 120 депутаттын ичинен он чактысы активдүү кызмат кылышса, ошонун бири Туратбек Мадылбеков болгонун кыргыз эли жакшы билет. 2011-жылы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагалыгына шайланып, жигердүү кызмат кылган.

 

Андан кийин коррупцияга каршы туруу комитетин дагы башкарып, жемкорлукка байланыштуу бир топ фактылар боюнча материалдарды топтоп, укук коргоо органдарына өткөрүп берип, ал боюнча коррупция беренеси боюнча кылмыш иштери ачылып, бир топ таза эмес чиновниктер жоопко тартылган. Ошону менен бирге бир топ мыйзамдардын демилгечи-автору жана соавтору болгон.

 

Айрыкча биздин каарман Кылмыш-Жаза кодексинин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо учурунда эң активдүү катышкан жана бир топ сунуштарын берип, комиссия тарабынан кабыл алынган.

 

Туратбек Мадылбеков жөнөкөй оперативдик кызматкер болуп жүргөндө оперативдик позициясы күчтүү, эмгекчил кызматкер болгонун бирге иштешкендер азыркы күндө да тастыктап бере алышат. Мадылбековдун устаттары жана шакирттери анын ишке жөндөмдүүлүгүнө ыраазы болушуп, “Туратбек киришкен кылмыш сөзсүз түрдө ачылып, кылмышкерлер кармалат”- деп өз ара айтып калышчу. Кезегинде ал “ачылбайт”- деп үмүт үзүлгөн оор кылмыштардын да бетин ачып, коомчулукту таң калтырып келген. Мисалы, 20дан ашуун мүчөсү бар Мурзаев башында турган бандиттик топ, 40-40 мүчөсү бар Осмоновдор кармалып, жүздөн ашуун кылмыштын бети ачылган. Ошолордун ичинен көпчүлүгү киши өлтүрүү, карактоо менен байланыштуу болгон.

 

Оперативдик позициясынын күчтүүлүгүнөн союздук бийликтин көзөмөлүндө болгон ЦУМ, “Алтын” дүкөндөрү, Соода үйү (Дом торговли) ж.б. байланыштуу чоң суммада уурулуктун бетин ачууда Кыргызстандын бүт оперативдик кызматкерлери күнү-түнү чуркап жүрүшкөндө Мадылбеков өзү эле шакирттери менен иштин бетип ачып, Москвага таанымал болгон.

 

Туратбек Мадылбеков кайсы жерде жетекчи болуп иштебесин, эң биринчи тартип маселесин көзөмөлдөчү. “Тартип болбосо, иштин жыйынтыгы жакшы болбойт”- деп дайыма айтып келет. Көбүнчө кол астындагы кадрлардын өсүшүнө көңүл бурчу. Кээ бир жетекчилер ыксыз эле болор-болбоско жазуу түрүндө чара көрүшсө, Мадылбеков жөн гана оозеки эскертип, уят кылып койчу. Жогорулардын негизинде Мадылбеков тарбиялап өстүргөн кадрлар Кыргызстандын ар кайсы аймактарында, райондордо жетекчилик кызматтарда иштеп келатышканын айта кетүү зарыл. Мисалга алсак, Чүй областынын кээ бир райондорундагы ички иштер органдарынын жетекчилери, Бишкек шаардык башкы ички иштер башкармалыгынын баардык жетекчилери Т.Мадылбековдун жаш кезинен тарбиялап өстүргөн шакирттери экенин айтсак, жаңылышкан болбойбуз.

 

Бүгүнкү күндө Т.Мадылбеков менен иштешкен кызматкерлер аны сыймыктануу менен сөз кылышат. “Ал кишинин бекем тарбиясы болбосо, бүгүнкү күндөгү ийгиликтерибизге жетише алмак эмеспиз”- дешет.

 

Азиз Мусабеков,

ИИМдин ветераны, отставкадагы полковник

 

Булак: “Майдан.kg”.