Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

 

Жумагулов буга чейин рак илдети менен ооруп, дарыланып жүргөнү белгилүү болчу.

 

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 

 

1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

 

1991-1993-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары;

 

1993-1995-жылдары «Kyrgyzstan Chronikle» гезитинде баяндамачы;

 

1995-2000-жылдары «Асаба» гезитинин баяндамачысы;

 

2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;

 

2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;

 

2010-2013-жылдары «Азаттык-Медиа» мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;

 

2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;

 

2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу;

 

2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;

 

2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;

 

2017-жылдын ноябрь айынан бери Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеди.