Союз мезгилинде Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө Сулайман тоосунун боорунда Араван кичи районунда кооз салкын “Пионер” сейил багы бар болчу. Азыркы Курманжан-Датка менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайланышкан. Мурда Курманжан-Датка көчөсү менен өтүп баратканда бактар, гүлдөр даана, кооз көрүнүп шаарды көрккө бөлөп турчу. Советтер Союзу бузулгандан кийин бактын айрым жерлерине ырксыз курулуштар курулуп, кыйла дарактар жок кылынды. Жолду бойлото салынган көрксүз, майда имараттар сейил бактын жол тарабын ээлеп калды. Г.Айтиев көчөсү тарабында эки үчөө картайган дарактар бар.

 

“Пионер” сейил багы чейрек кылымдан бери кароосуз калган болчу. 2016-жылдын  жайынан Ош шаарынын мэриясы тарабынан сейил бакты таштандылардан арылтып, көрктөндүрүү иштери колго алынган. 2017-жылы жазында 50 түп ак кайың, 2 түп сосна, 2018-жылы 3 түп каштан дарак көчөттөрү отургузулган. Бакка С.М.Киров атындагы № 4  мектеп-гимназиясынын балдары кирип ойногондуктан эки-үчөө ак кайын сынган, экөөсү куурады. Калган көчөттөр жакшы өсүп көгөрдү. Ал эми Г.Айтиев көчөсү тарабына июнь айында гүлдөр эгилди, шахматтык фигуралар коюлду.

 

Август айында “көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Айгүл Наватова  менен телефон  аркылуу сүйлөшкөнүмдө: “Питомникте 3 метрлик көчөттөрдү өстүрүп жатабыз, 2019-жылдын жазында “Пионер” сейил багынын шахматтык фигуралар коюлган жашыл аймагына 3 метрлик жазы жалбырактуу  дарак көчөттөрүн отургузабыз”,- деген болчу. Чейрек кылымдан бери кароосуз калып, суугарылбай, таштанды таштоочу жайга айланып кеткен сейил бакты мэрия тарабынан көрктөндүрүү - жашылдандырууга иш-аракеттер жүрүп жатканына карабастан, тилекке каршы, сейил бактын “Ош маркет” дүкөнүнүн тушундагы жашыл аймагы автоунаа токтотуучу жайга айланып баратканы өкүнүчтүү. Бакка автоунаалар кирип, жашыл газондорду басып, дарактарды кууратып жатат. Ошондуктан жашыл аймактын айланасын тосмо менен тосуп, автоунаалар кирбей турган кылуу зарыл болуп турат.

 

Кадырбек Эшмурзаев