Зульфия Марат учурда камакта жаткан Б.Асанов, К.Кадыров, Э.Карыбеков, Б.Талгарбеков, Т.Колубаев, М.Султанов, А.Гусев, Т.Калматов боюнча маселе көтөрүп, алар УКМКнын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам саясий туткунга айланып, үч жылдан бери акыйкаттыкка жетпей келаткандарын белгилеп өттү. Анын айтымында УКМКнын мурунку жетекчиси жана мурунку Башкы прокурор коомчулукту гана эмес, мамлекет жетекчилерин дагы жаңылыштыкка алып келишкен.

 

Ал өз пикирин ачык айтып чыккан адамдарды массалык түрдө камака алуу азыркы бийликтин тушунда дагы уланып, саясаттын “жинди” адатына айланбашы керектигин айтты.

 

Мындан кийин аты аталгандардын жана башка камакта жаткан саясатчылар боюнча Акыйкатчынын пикири обьективдүү болоорун билдирген Токон Мамытов, “эгерде “Саясий туткундарды коргоо” комитети тарабынан мыйзамга дал келген, туура сунуштарыңар болсо Омбудсмен инстутуту колдойт жана бул жаатта биргеликте иштешүүгө даяр” деди.