- Албетте, ар кимдин өзүнүн чындыгы бар дегендей, жанында болуп көз менен көрбөгөн соң, мындай өтө чуулгандуу иштен кийин бир жактуу бүтүм айтыш кыйын. Ошентсе дагы, көпкө ойлонуп, анализ жүргүзгөндөн кийинки калыс оюмду айткым келди.

 

Чындыгында инцидент болду, бирок ошончолук өзүн жоготкон мас абалында экенинде күмөн бар. Анткени, контролун жоготкончо мас абалда болсо, салонго киргенге чейин байкалбадыбы, жаңжал чыгаргысы келсе, отурганга чейин бир топ жерден өтөт, ал жерден кантип өттү, кыйкырбай-өкүрбөй? Бул бир.

 

Экинчиси, чет жерде жүрүп өзү эле өлөрчө ичип алгандай ал ичкич эмес болчу, анын ичип алып бир жерлерде жаңжал чыгарып же болбосо мас абалында жүргөнү байкалган эмес да. Андан да, буга чейин деле иш-сапарларында жүргөн, эгерде ошондой алсыз жактары болсо, анда эмнеге кызматтан-кызматка көтөрүлүп жүрдү дагы, чет мамлекетке иш сапарларына байма-бай жөнөтүлүп турду? Ишенген адис катары барып атты да.

 

Мен бул кызды өтө жакындан билбейм, бирок V чакырылышта иш боюнча комитетке пленардык жыйынга келип калчу. Байкашыма караганда, өтө тың болбосо дагы, тынч эле жүргөн, өтө албууттанбаган эле кыз болчу. Анан учакта ошончолук дебош уюштурду дегенди окуп таң калып турам. Бул кыз, укканыма караганда, намаз дагы окуса керек эле.

 

Эмне болгон күндө дагы, болчу нерсе болуп өттү, инцидент болду, аны эч ким тана албайт. Бирок, ошол нерсени интернет аркылуу дүйнө жүзүнө эл депутаты таратып, анан аны “эмдигиче эсине келе албай жатат” деп маалымат берген элчиге эмне деп баа берсе болот?

 

Депутат айым менен бир салондо олтуруп, ызы-чуу болуп, экипаждын эсин оодарып атканда кайдыгер болбой, эл өкүлү катары жанына барып түшүндүрүп, абалдан чыкканга жакындан жардам бергендин ордуна, жан талашып интернетке маалымат жөнөтүп атат. Эмне, депутат айымды эл көрбөй-билбей жүрөбү? Эл, мамлекет үчүн кылчалык кылган иши жок, качан болсо ызы-чуунун ичинде.

 

Ал эми элчи К.Султанов Кыргызстандын Корея Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси экенин унутуп калып, өзүн гезиттин кожоюну катары сезип көнүп калган окшойт. Эл аралык, кызматтык этика, дипломатиялык эреже, мамлекеттин ар-намысы деген түшүнүктөр бар да. Албетте, маалыматты тастыктап, аны тиешелүү жерге жеткирүү керек. Бирок, минтип ийне-жибине жейин жиликтеп, интернетке чейин жайылтпай эле, андан дагы, “эсине келе албай жатат, “Эйр Астана” кара тизмеге киргизди” деп саймедиребей эле койсо болмок. Бүгүн “Эйр Астана” менен эле учуп кетиптир го. Ал бир эмес, эки мамлекетке элчи болду, кичине сабырдуулук, этика, дипломатия дегендерди тереңирээк өздөштүрүү керек го. Негизи ушул элчи мырза өзүн өзгөчөлөнтүп көрсөткүсү келип, бир топ эле билдирүүлөрдү айтып келет. Бирок, ал нерсе элчиликтин эрежесине туура келеби, элчинин жоопкерчилиги кандай экенинен анча түшүнүгү жок окшойт.

 

Кыргызстанда деле канчалаган чет элдиктердин инциденти болуп эле жүрбөйбү. Бирок бир дагы элчиликтен, болгондо дагы кызматкерлери эмес, элчи өзү маалымат таратканы болду беле? Тескерисинче, колдон келишинче жайгарганга аракет кылышат.  Ушул жагынан алып караганда профессионал адис элчилерди даярдап, анан жиберүү керек экен. Антпесе, мамлекеттин кызыкчылыгы, абийири эске алынбай, күнүмдүк пиар менен алектенип калат окшойт.

 

Бөдөш Мамырова.

Булак: NazarNews.kg