Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районундагы чегара кызматкерлерине жаңы курулган үйдөн батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, №2030 аскер бөлүгүнүн аймагында үч кабаттуу 24 батирлүү үй курулган. Имарат Росси Федерациясынан Кыргызстандын ЕАЭБге интеграция болушуна карата бөлүнгөн каражатка курулган.
Турак-жайга 53 миллион 652 миң сом кеткен. Курулуш өткөн жылдын апрель айында башталган.