Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун маалыматтык саясат боюнча коомдук кеңешчиси болуп Гуля Алмамбетова дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, Гуля Алмамбетова буга дейре да мэрияда иштеп кеткен. Экс-мэр Кубанычбек Кулматовдун учурунда мэриянын басма сөз кызматын башкарып, Албек Ибраимов келгенде саясий технолог кереги жок деген жүйө менен кызматтан алынган.
Ал 1972-жылы төрөлгөн жана КМУнун орус филологиясын актаган.