Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султановду кызматтан бошотуу боюнча сунуш киргизди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

 

Азырынча, Эрлан Абдылдаевдин элчинин кызматтан бошотууга так себептери ачыктала элек. 

 

Эске салсак, Кылычбек Султанов маалымат жыйынын өткөрүп, КР ТИМдеги бир катар коррупциялык жагдайлар тууралуу маалымат берген. Ал Сооронбай Жээнбековго жолугууга бир нече жолу аракет кылган, бирок президенттик аппарат жол бербегенин айткан. Кийинчерээк, айтымында, мамлекет башчысына басма сөз жана социалдык тармак аркылуу кайрылууну эп көргөн. 

 

Ошондой эле элчинин белгилешинче, ал Малайзиядагы элчиликти башкарып турган маалда да көптөгөн коррупциялык иштерге күбө болгон. Жетекчиликке билдирген, бирок ошол учурда конституциялык реформа башталып, элчиликтен кетүүгө туура келген. 

 

"2016-жылдын аягында Сапар Исаков чакырып, Малайзиядагы Элчиликтеги коррупциянын бетин ачууга жардам берүүмдү өтүндү. Мен ошентип Куала-Лумпурга кайра бардым. Анда көптөгөн мыйзамсыз аракеттерди ачыктаганбыз. УКМКнын кызматкерлери Малайзияга келишип, текшерүү жүргүзүшкөн, бирок кылмыш иши ошону менен козголгон жок", - деген элчи. 

 

Ал бул аракети менен айрым кызматкерлер дипломаттарды жаман атты кылбоосун гана камсыздагысы келээрин белгилеген.