Тажикстандын 1999-жылы туулган М.М. кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын көзөмөл бекетинен тышкары жерден кесип өтүп, чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын аймагындагы чек ара тилкесинен 500 метр аралыкта колго түшүрүлдү. Анын өздүгүн тастыктаган документтери жанында жок болуп чыкты.

 

КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине ылайык кармалган адам айып тартып, тийешелүү документтер толтурулган соң Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнө тапшырылды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз