Бириккен Улуттар Уюму тарабынан Кыргыз Республикасы укук коргоочуларга каршы коркутуп-үркүтүү жана репрессия актылары абдан күчөгөн дүйнөнүн 38 өлкөсүнүн сабына кошулду. Бул туурасында “Бир Дүйнө - Кыргызстан” бейкөмөт уюмунун отчетунда баса айтылат.

 

“Бир Дүйнө - Кыргызстан” бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, чет өлкөлөрдө жансакташкан Кыргыз мигранттарынын акыбалы дагыле мышык ыйлагыдай. Айрыкча, 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин Орусияга оошкон этникалык өзбектердин абалы өтө чатак. Алардын көпчүлүгү Кыргызстандын укук коргоо органдарынын талабына ылайык Мекенине чекесинен депортацияланып жатышат.

 

Баса, БУУ укук коргоочуларга куугунтук күчөгөн өлкөлөрдүн 38 өлкөнүн катарына Орусия, Туркия, Сауд Аравия, Венгрия, Израиль мамлекеттерин дагы кошту.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз