Памирлик кыргыздардын эки баласы Ош мамлекеттик университетине караштуу билим берүү мекемелеринде бекер окуй башташты. “Азаттык” радиосуна Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын билдиргенине караганда, билим алып жаткан балдар бир тууган ага-инилер. Бири 19 жашта, экинчиси 22 жашта. Алар Ооганстанда мектептен окуп, документ алышкан. Бири андагы документке ылайык, 9-классты, экинчиси 11-классты бүттү деп белгиленгени менен, Кыргызстандын Билим жана илим министрлиги өз стандарттары боюнча алардын билими 8 жана 9-класстын деңгээлине туура келет деген тыянак чыгарган.
Ошондуктан ага-ининин кичүүсү ОшМУнун гимназиясына, улуусу коллежине кабыл алынды.