Россиянын Казан шаарында  жаш режиссёрлордун тасмалары көрсөтүлгөн эл аралык кинофестиваль болуп өттү. Анда  башкы байге  Кыргызстандан барган жаш режиссер  Аскар Нуракун уулуна ыйгарылды.

 

Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова кабарлады. Айтымында, баш байге  "Киноман" тасмасына берилген. Бул "Киномандын" биринчи ийгилиги эмес, ал буга дейре да  бир нече эл аралык фестивалдарды жеңген жана  улуттук "Ак илбирс" сыйлыгын алган.

 

 

27 жаштагы Аскар Нуракун уулу  "Курманжан датка", "Көк бөрү" тасмаларын тартууга катышкан.