Кыргызстандагы эң байыркы Өзгөн шаарынын чок ортосунда жайланышкан Мунарадан жана Мавзолейден эртели-кеч адам аягы үзүлбөйт. Ушул тапта бул кылым карыткан тарыхый эстеликтерди реставрациялоо жараяны ого бетер күчөдү.

 

- 2016-жылы Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексине атайын баш багып, ал-акыбалыбызды кыдырып көрүп, акырында ыраса ичи ачышкандыгын жашырган эмес! - деди Сулайман Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине караштуу Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин башчысы Аваз ТУРСУНБАЕВ. – Ошондо Сооронбай Шарипович Бишкекке барганда Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигине кечиктирилгис тапшырмаларды берген. Эми минтип биздеги оңдоп-түзөө жараянын мамлекет башчысы өзү такай көзөмөлдөп, музей комплексин катарынан реставрациялоо иш-аракеттери соңку күндөрдө ыраса күчөтүлдү.

 

Баса, ХII кылымдын башында курулуп бүткөн Өзгөн Мунарасынын бийиктиги 40 метрден ашык эле. Агезде бул Мунара мусулмандарды намазга чакырууга, шаардын борборун так белгилөөгө жана күзөт бекети сыңары дагы кызмат өтөгөн. ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы катуу жер титирөөдөн кийин Мунара үстүндөгү катмар тегиз кулап түшкөн. 1923-жылы гана жергиликтүү лидерлердин көмөгү аркасында калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, тилекке каршы, бул аракет дагы оңунан чыккан эмес. Ошентсе дагы, мунун үстүнө фанар бөлүгү тикеленип, бийиктиги 27,4 метрге гана араң жеткирилген.

 

Ал эми Өзгөн шаарындагы ири Мавзолейде үч күмбөз жайгаштырылып, алар ХI-ХII кылымдарга таандыктыгы эми гана аныкталды. Ар бир күмбөз 150-170 жыл аралыгында араң тикеленип бүткөн. Археологдордун жана тарыхчылардын айтымында, бул күмбөздөргө Караханид династиясынын барандуу өкүлдөрүнүн сөөктөрү коюлган.

 

Мындан тышкары байыркы Өзгөн шаарындагы ири коргондордун калдыктары, жер астындагы жолдор, археологиялык ири табылгалар, ХI-ХII кылымдарда жашашкан олуялардын, аалымдардын жана таанымал инсандардын мазарлары, орто кылымда курулган мончо, ХIХ кылымда курулган Гүлзар жана Таштак маалесиндеги мечиттер болочокто чоң изилдөөлөрдүн бутагына айланып, ири ачылыштарды жаратат деген ишеним дагыле чоң.

 

Айтмакчы, дал ушул тапта Өзгөн шаарындагы айтылуу Мунара менен Мавзолейге баш баккандар күн өткөн сайын арбып баратат. Алардын бири Франциядан келген турист Акит Маранч буларга токтолду: - Колуңарда бар алтындын баркы, чынында, эле жок экен. Мобул Мунара не деген керемет! Карасаңар, жыл өткөн сайын улам эскирип жана чөгүп баратыптыр. Бир күнү катуу жер титиресе баары тең көчүп түшөт. Акчанын көзүн карабай, оңдоп койбойсуңарбы? Болбосо, эл аралык уюмдарга кайрылгыла? Сөзсүз каралашат...

 

Ал эми үй-бүлөсү менен ыйык Мавзолейге баш баккан Өзгөн шаарынын тургуну Ильяс Осмоновго жолукканда ичибиз андан бетер жылыды.

 

- Соңку кезде элибиз, чынында, ашкере эле саясатташып кетти. Кыргыздар тарыхыбызды, улуу калк экенибизди, илгери эле чоң каганат - мамлекет болгонубузду таптакыр унутуп койдук. Бара-бара майдалана баштадык,- деп тызылдады Өзгөн шаарынын тургуну Ильяс ОСМОНОВ. – Моминтип үй-бүлөм менен келип, Мавзолейге дагы бир ирет сыйынып, анан Мунарага чыктык. Касиеттүү жер экен. Кичине жеңилдей түштүк. Мекендештериме айтаарым: жолубузду шыдыр кылуу, кыска аралыкта кичинекей Кыргызстаныбызды гүлдөгөн мамлекетке айлантуу – өзүбүздүн гана колубузда! Не деген керемет өлкөдө жашайбыз! Бирок, мунун кадырын дагыле билбей жүрөбүз.

 

Мындай кубанычын белгилүү музейчи Аваз ТУРСУНБАЕВ дагы жашырган жок.

 

- Ошол себептүү Өзгөн шаарындагы Мунара менен Мавзолейди бир бүтүн тарыхый комплекс иретинде ЮНЕСКОнун баалуу мурастарынын тизмесине коштуруу аракетибиз күч! – деди Сулайман Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексине караштуу Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексинин башчысы Аваз ТУРСУНБАЕВ. – Эгерде бул асыл максатыбыз акыры жүзөгө ашса, Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплексин адепки калыбында кармоого толук кандуу шарттар жаралмакчы. Анткени, Эл аралык бул абройлуу уюм карамагындагы жайларды маал-маалы менен көзөмөлдөп, а түгүл текшерип дагы турат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити