Башкы прокуратуранын коллегиясынан кийин Ош шаарынын прокурору Айгүл Момбекова, анын орун басары жана бөлүм башчысы кызматынан кол жуушту. Азырынча булардын ордуна эч ким дайындала элек.

 

Башкы прокуратура Бишкек шаарында өткөн акыркы коллегиясында кызматтык милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган, прокурордук көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөн жана жумушундагы башка дагы олутуу кемчиликтери үчүн прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине  ушундай катуу тартиптик чара көрүп олтурат.

 

Баса, Ош шаарынын прокурору болуп 2017-жылдын май айында гана дайындалган Айгүл Момбекова ага дейре Ош облусундагы Кара-Суу районунун, Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын прокурору, Башкы прокуратурада улук прокурор болуп эмгектенген.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы