Ош облусунун бир катар фермерлери Өзбекстандын Анжиян шаарындагы “Талаа күнү” Эл аралык семинарына катышышып, коңшулар менен тажрыйбаларын бөлүшүштү.

 

Иш-чара катышышкан Ош обулусунун 54 фермери илимий серепчилер жана ишмерлер менен масилеттешип, Борбор Азиянын шартында мадания өсүмдүктөрдү өстүрүүнү тиртибин үйрөнүштү.

 

- Коңшуларыбыздын ийгиктерин көрүп, албетте, ичибиз жылыды. Биздикиндей эле шартта мол түшүм жыйнагандарды көрүп ичибиз ачышты. Ошого карабастан, алардын бай тажрыйбаларын үйрөнүп кайттык, - деди Ноокат районундагы дыйкан чарбанын  башчысы Айниса Айтибаева.

 

Соңунда коңшулаш эки өлкөнүн дыйкандары жүгөрү, күнкарама өңдөнгөн өсүмдүктөрдү өндүрүү жана кайра иштетүү жаатында өр ара макулдашууларга кол дагы коюп тарашты. Бул демилге БУУнун Өнүктүрүү Программасынын алкагында каржыланды.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы