- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-жылдын 2-июлундагы  №649 –буйругуна ылайык кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыкты өткөрүүнүн алкагында Жалал-Абад облустук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, ошондой эле Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Жалал-Абад шаарындагы Барпы драмалык театрынын алдында ачык эшиктер күнүн өткөрүштү. Иш-чарага шаар тургундары жандуу катышышып, алардын тереё кызыгуусун жаратты. Көптөгөн көкүрөк өйүткөн суроолорго жооптор жеринде табылды, - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абадда облустук жана шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Токтосунов.

           

Жолугушуу маалында ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абадда облустук жана шаардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери өрт өчүрүүчү жана куткаруу автоунааларды, өрт-техникалык шаймандарды көрсөтүү менен алардын иштеши тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Буга улай калкка өзгөчө кырдаалдарды, өрт кырсыктарын алдын алуу, сууга түшүү мезгилиндеги коопсуздук чаралары боюнча жагы кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан тышкары Өзгөчө кырдаал учурунда кырсыкка кабылган атуулга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керектигин дагы практика жүзүндө үйрөтүштү.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы