Бегалы Наргозуевдин сайты Нурлан Сулаймановду коррупционер катары айыптап, бир жактуу жазган маалыматтары тарады, «Бублик» деген кафеде Азиз Турсунбаев менен «коррупционер» Нурлан Сулайманов жайбаракат отурушканы боюнча баяндалып. «Азия Ньюстун» кабарчысы Жогорку Кеңештин депутаты Азиз мырзага байланышка чыгып, дал ушул жагынан суроо салганда, бүйүр кызыткан жооп уктук.

 

«Кафеде Нурлан аке менен отурганым чын. Ал жерде Равшан Жээнбеков жүргөн, ошол Бегалы Наргозуевге айтып, бизди жаздырып койсо керек. Коррупционер катары айыпташканы туура эмес. Сот гана андай чечимдерди чыгарат. Менин ачуум келип атат, Бегалы Наргозуев менен Равшан Жээнбековдун мойнун бурап коём. Жигитчилик түшүнүк катары сүйлөшөлү. Билбей эле адамдарды күнөөлөп, тескери ушак жазышканы боюнча жооп беришет! Жакында сүйлөшөбүз...» деди. Негизи Азиз Турсунбаев нарктуу, кадыр-баркка ээ инсан экенин билебиз.

 

Булак: "Азия Ньюс"