Бул тууралуу кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун жер алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрүнө катышкан Барак айылынын башчысы Бурканбек Ашыров “Азаттыкка” билдирди. Ашыров алмаштыруу каралган жерлерди көргөн.

 

- Алмаштырууну эл өзү сурап жатат. Барактын жолу 2013-жылдын 17-январынан тартып бир тараптуу жабылып калган. Ушул күнгө чейин ачыла элек. Мисалы "Достук", "Маданият" дагы көп жерлер ачылды. Барактыкы ачылбай, эл Кызыл-Кыя аркылуу каттап жатат. Мында бир тарабы 300 чакырып, барып-келишиң 600 чакырым болот. Мурда Ак-Таш аркылуу жүргөн жолубуз 2,5 эле чакырым болчу. Биз Баракты ошол жакка таштай турган болдук. Өзбекстан бизге Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Бирлешкен деген айылы бар, ошол жердин сыртынан чыгыш жагы Ак-Таш, түштүк жагы Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү менен чектешкен. Ошол Бирлешкен айылынан гектарына гектар жер бере турган болду. Биз дагы, эл чогулуп макулдугун бердик. Азыркы күндө бул маселе иштелип жатат. Мен ошол бизге бериле турган жерди көрүп, ченеп жатканда өзүм кошо жүрдүм, - деди Ашыров.

 

Айыл башчысы кошумчалагандай, учурда өкмөт өкүлдөрү бул иш эки жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдиришкен.

 

Учурда Баракта азыр туруктуу жашаган 20 кожолук бар, анда 78 адам жашайт. Жайында эгин-тегин айдап тиричилик кылганы барганда элдин саны көбөйөт.

 

Буга чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавы башка жерге алмаштырылышы мүмкүн экени кабарланган. Бул маалыматты өкмөттөгү маалымат булактары да ырасташып, аталган маселе кыргыз-өзбек өкмөт аралык жумушчу тобунун 7-августта Фергана шаарында өткөн жыйынында талкууланганын билдиришкен.

 

Кара-Суу районуна караган Барак айылы Өзбекстандын ичинде, чек арадан беш чакырым ичкери жайгашкан. 2013-жылдагы чек ара чатактарынан кийин коңшу өлкө айылдын чек ара өтмөгүн жаап койгон. Эксклав тургундарынын арасында Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийлигинен көчүрүп кетүүнү сурангандары болгон эле.

 

"Азаттык"