Сыягы, Бишкек борбор шаар катары жарыялангандан бери азыркыдай мэрди дайындоо мынчалык ызы-чуу менен коштолбосо керек. Ал тургай коомчулук, бишкектиктер экс-мэр А.Ибраимов УКМК тарабынан кылмыш иши козголгондо эле “тирүү аюнун терисин талашып”, кийинки мэр ким болорун божомолдой башташкан. Айрымдар соцтармактар аркылуу өз талапкерлерин көрсөтүп, ал тургай “шайлоо өткөрүшүп”, кызыл чеке болууга чейин барышпадыбы. Бирок бул учурда Ак үйдө эбак эле болочок мэрдин тагдыры чечилип, кафе, ресторандарда каляндын кайфы менен кландардын ортосунда соодалашуу бүтүп калган экен. А.Атамбаевдин өзү баш болуп баардык кадрлары саясаттан четтеп калган учурда башкы КСДПчы И.Өмүркулов кандай саясый “өмүр сүрүп” атат ким билсин, айтор анын сунушу менен Азиз Суракматов Бишкектин мэрлигине көрсөтүлүп, тил комиссиясынын сынагында экинчи класстын окуучусунун деңгээлинен да төмөн жазган сочинениеси, сүйлөгөн сөзү менен өтүп кетти. Ортодо эле кыргыз тил илимине салым кошкон, өмүр боюу филология илимин казып келаткан айрым агайларыбыз жаман атты болуп калды. Шаардык кеңештин депутаттары болсо, болгону бир каршы добуш берилип, калганы баары А.Суракматовдун талапкерлигин колдошту. Ал эми мэрлик тактыга отурган А.Суракматов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам бузбай иштөөгө аракет кыларын айтты. Ага каршы нааразылыкка чыккан активисттердин аракетин демократиялык коомдогу көрүнүш катары баалады. Ошондой эле ал мурдагы мэрлер сыяктуу кылмыш иши козголуп, камалуудан коркпой турганын, мыйзамдуу иштегенге аракет кыларын билдирди. Бирок, эски бийликтин калдыгы катары катталган жаңы мэр ЖК депутаты катары бир да маселени козгоп сүйлөбөгөндүктөн, шайлоочулар тарабынан  “балык” деген атка ээ болгон. Мындан да ага-ини, туугандары менен бир нече курулуш ишканалары, бизнеси бар А.Суракматовдун $2,5 млн. карызы бар экендиги ачыкка чыкты. Эми ал өзү үчүн иштейби же түмөн түйшүктүү Бишкектин көйгөйлөрүн чечеби?

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.