Өткөн жумада чак түштө борбор калаабыздагы жардыруу шаардыктарды дүрбөтүп барып токтоду. Анткени окуядан алдын ала озгон айрым ММКлар кытайдын петардасындай жарылууга террордук акт катары баа берип жиберишти. Бир чети Бишкек ШИИБ да “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча иш козгоп, окуяга май чачып жибергендей мамиле жасады. Көп өтпөй Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдындагы жарылуу орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылды. Ошол эле учурда интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер А.Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот. Андан Гайдуков жеңил жараат алган. Бирок, ооруканага барып, жардыргыч заттын учкуну тийген колун таңдырып, жатып дарылануудан баш тарткан. Расмий маалыматтар боюнча, 47 жаштагы Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте "НС Информ Консалтинг”, “BISHKEK-EXPO” жана “Кей суппро” аттуу үч ишкананын түзүүчүсү болуп чыкты. Ошол ишканаларынын бири жаңгактын маңызынан май сыгып алуу менен алектенет экен. Бирок, айрым маалыматтарга ылайык, бул жөн гана чыныгы ишмердүүлүгүн калкалоо үчүн ачылган ишкана. Иш жүзүндө А.Гайдуков шпиондук, курал-жарактар менен байланышкан шектүү иштер менен алектенери айтылууда. Былтыр коргоо министринин айдоочусу автомат сатуу менен кармалган окуяга да тиешеси бар дешет. Бул адамга былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес. Ал эми экинчи ирет кол салуу бизнес-өнөктөштөрү тарабынан жасалышы мүмкүн экендиги тууралуу да шек бар.

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.