Бакиевдердин заманында Сыргак Абдылдаев деген журналисттин атына жамынган жазмакер пайда болуп, кийин аны Бишкектин көчөлөрүндө белгисиз бирөөлөр ырайымсыздык менен уруп-сабап, бычактап кетишкен болчу. Жабырлануучу өзүнө бул кол салууну бийликтен, Жаныш Бакиевден көрүп, коомчулук да ага ишенип калган болчу. Кийин ал ушул жабырлануусунун “үзүрүн” көрүп, Батыш өлкөлөрүнүн биринен башпаанек алып, көчүп кеткен. Анткен менен А.Атамбаевдин бийлигинин тушунда С.Абдылдаев чыныгы “баатырга” айланып, Кыргызстанга каалаган учурда келип-кетип жүрдү. Ал тургай АША абройлуу сыйлыктардын бирин ыйгарып, ар качандан бир качан сүйлөгөн сөзүндө адилеттик, чындык үчүн, “бакиевдик кланга” каршы күрөшүүнүн символу катары атап жүргөн. Бирок, С.Абдылдаев жакында интернеттеги “Фейсбук” тармагындагы жеке баракчасына жаңы бийликти сындаган маалыматтарды байма-бай жазып, элди согушка чакырып, атайын бузукулук постторду жазгандыгы баарыбыздын эсибизди оодарган. Ал тээ Швецияда жатып эле С.Жээнбековдун ишине тескери баа бергендиги бир эсе таң каларлык болгон. Анын бир беткей эле бийликти сындап жатканынын себеби башкада экен. Көрсө, Европада жүргөн Абдылдаевдин баш паанек алган мөөнөтү бүтүп жатыптыр. Андыктан жаңы бийликти да европалыктарга зулум, залим кылып көрсөтүп, башпаанегинин мөөнөтүн узартууну көздөп жаткан экен. Баарынан да бул эргулдун бир кезде сабалып, бычакталышынын ачыкка чыгышы таң каларлык болууда. Иш жүзүндө аңги чалыш неме бир генералдын аялы менен ойноштук кылып, анысын ар кимге “мен генералдын аялы менен тигинтип... минтип...”,- деп мактана бергендиктен, намысына келген генерал 3-4 жигитти жалдап, ошол дүүлүккөн жерине 19 ирет бычак сайдырган турбайбы...

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы, №30 (367), 15.08.2018-ж.