Окурманга маалымат иретинде айта кетсек: “Фейсбук” баракчасы аркылуу өзүн “патриот” эсептеген Кылыч Шанаев “Бозымчак” жөнүндө бир топтон бери текшерилбеген, жалган маалымат таркатып жатат. Анын айтымында, жакында 27 жаштагы Маматкерим уулу Айбек “Бозымчакта” иштеп жүргөндө рак дартына чалдыгып, каза тапкан имиш. Ошондой эле, ал казакстандык инвестор кенден эбегейсиз түрдө алтын ташып кетип жатканы аз келгенсип, экологияга орду толгус зыян алып келип жатканын жазган.

 

- Мен Бозымчакка өзүм атайын кызыгып барып, иштин ыргагы менен таанышып келгенмин. Ошондуктан, өз көзүм менен көргөн үчүн, коомчулукта кызуу талкууга айланган бул маселе боюнча оюмду айтып коюуну чечтим,- дейт Нургазы Анаркулов. – Биринчиден, компания жез концентратын гана өндүрөт, алтындын бир тоннадагы үлүшү болгону 0.034 граммды түзөт экен. Бир жылда 30 миң тонна концентрат өндүрүлүп, жезди андан ажыратуу Балхашта жүргүзүлөт. Башкача айтканда, баалуу металлды алуудагы зыяндуу технология Ала-Буканын тоолорунда колдонулбайт. Ал эми концентратты алуудагы заманбап технологиялары мактоого тактыктуу. Калдыктар кургак түрүндө чыгат, анын жаратылышка эч кандай зыяны тийбейт. Агып жаткан агын сууга зыяндуу калдыктардын түшүшү эч качан мүмкүн эмес, ага мен калдык сактоочу жайдын түзулүшүнөн улам ынандым. Экинчиден, Кылыч Шанаев кимдин буйругун аткарып жатканы мага белгисиз, бирок, анын карандай калп сүйлөп, элди дүрбөтүп жатканы талашсыз. Онкологиялык оорулар кайдан чыгат, эмне ага себеп болот, бул жигит адистерден барып сурап алса болот. Жаштайынан рак дартына чалдыгып, каза тапты, муну Алланын эрки деш керек. “Бозымчакта” миңдеген адамдар иштеп жатат. Анын 95 пайызы жергиликтүү тургундар. Бири да ден-соолугу боюнча даттанган эмес. Ошондуктан, каралоонун, калп айтуунун да чеги болот. Ошого карабастан, бул үй-бүлөнүн кайгысын чогуу көтөрүп, тажиясына 100 миң сом көтөрүп барышканын айтышты. Анан эле каза тапкан баланын атасын көкүтүп, “миллиондорду өндүруп беребиз”- деп алдаган Кудайга жакпаган көрүнүш. Рак бул даражада дарыланбайт, аны дарыгерлер мыкты билет. Бирок, Кылыч деген бала дүрбөлөң салып, аны кайра ооруканага чыгарган жеринен жаткыртып, аны азапка салганын эмнеге айтпаш керек? Бул акыл-эси соо адамдын кыла турган иши эмес. Шанаев чек ара боюнча тополоң чыгарып, ИИМге сурак да берип чыккан. Ушундайында токтоп калбайбы бул бала? Уят да. Үчүнчүдөн, ал Көк-Серек айыл өкмөт башчысына асылып жатат. Камчыбек Исраилов жаш, зээндүү, тың жетекчи. Айыл өкмөтүнө көп иш жасады. Ооба, бул жигит Кылычтын артында турган интригандарга жакпайт. “Ала-Буканы биз кармайбыз!”- деп опурулуп жүрүшөт. Бирок, таза иштеген адамды минтип шылдың кылганыңар менен, анын жасаган бир ишин да силер жасай албайсыңар!