Буга ылайык жогорку окуу жайлардын ректорлорун окуу жайдын кызматкерлери добуш берүү аркылуу гана түздөн-түз шайлашмакчы. Бул жөнүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков ачыктады.

 

Мурда шайлоо өткөндөн кийин үч талапкердин тизмеси Өкмөткө келет эле. Премьер-министр булардын арасынан бирөөсүн гана тандап бекитчү. А жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү эми кесиптештеринин 50%+1 добушун алган талапкерди министр шыр эле ректорлука бекитет. Буга дейре “Өкмөт аз добуш алган талапкерди деле дайындап коет”- деген ар кыл дооматтар айтылып келген. Эми Өкмөт бул милдетти жамаатка жүктөп, бирок сөзсүз добуштардын 50 пайызынан көбүн алсын деген шартты гана койду, - деп кошумчалады билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков.

 

Айтмакчы, жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик жогорку окуу жайдын ректору болуп дайындалгысы келген талапкер эми шайлоодон 50 пайыздан ашык добуш алышы абзел! Эгер бир дагы талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш албаса, анда экинчи турга эң көп добуш алган эки талапкер гана катышат. Алардын 50 пайыздан ашык добуш алганы гана ректорлукка дайындалат.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы