Бул майрамдык салтанатка Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, анын орун басарлары, үч айыл өкмөтүнүн жетекчилери, тыштан келишкен коноктор жана жергиликтүү тургундар абай салып жатышат. Иш-чаранын алкагында улуттук оюндар: аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, күрөш боюнча мелдештер дагы өткөрүлүүдө. Буга катышкандардын арасында чет өлкөлүк коноктор-туристтер дагы бар.

 

Айтмакчы, Ленин чокусу – Чоң-Алай кырка тоосундагы эң бийик чоку. Бийиктиги 7134 метрди чапчыйт. Кыргызстандагы Жеңиш чокусунан кийинки эле орунда турат. Ленин чокусуна альпинисттер алгачкы ирет өткөн кылымда, 1934-жылы чыгышкан.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы