Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн ачылган атайын эсепке Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы алгачкы ирет жарым миллион сомдон ашык акча түшүрдү.

 

Маалыматка тансак, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 171-беренесинин (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 4-бөлүмүнүн 2-пункту (кызмат абалынан пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен козголгон экономикалык кылмыш иштин негизинде жемкорлордон өндүрүлгөн акча каражаттары үчүн ачылган бирдиктүү депозитке 533,100 сом акча түшүрүлдү.

 

Мындай аракет мындан ары дагы активдүү улантылмакчы.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы