Булардын баарына тең акыркы күндөрдө 9 миңден ашуун алма, өрүк жана бадам көчөттөрү тигилди. Бул жөнүндө БУУнун Кыргызстандагы Азык-түлүк Программасынын кеңсесинен кабарлашты.

           

Эл аралык уюмдун кеңсесинен кабарлашкандай, ушул тапта жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу жана айылдыктарды улам өзгөрүп бараткан климатка өтө бат ылайыкташтыруу максатында жумуштар байма-бай жасалууда. Анткени, бак-дарактын улам кыйылып азайышынын кесепетинен айрым аймактарда жер көчкү активдеше баштады. Жердин арыкташы жана бузулушу айыл-чарба азыктарынын түшүмүнө дагы кесепетин катуу тийгизип жатат. Бул өз кезегинде азык-түлүк коопсуздугуна дагы өтө олуттуу коркунуч туудуруп жаткан чагы.

 

Ошентип, жеринде бир катар изилдөө жүргүзгөн БУУнун Кыргызстандагы Азык-түлүк Программасынын адистери Ноокат районундагы Жалгыз-Тал, Кызыл-Таш жана Шоро-Жар айылдарына көчөт тигишти. 21 гектар жерге көчөт отургузууга жергиликтүү тургундар дагы тартылып, мал-жандык кирип кетпеши үчүн айланасы тегерете тосулду.

 

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы