Ал компания “Аида Салянова менен Инновациялык долбоорлор” деп аталат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

 

Долбоорлордун негизги максаты – укуктук маалымат берүү болуп саналат. Салянова баракчасы аркылуу укук жаатындагы тажрыйбалар тууралуу маалымат таратып турат.

 

Ал баракчасына жазган билдирүүсүндө, өзүнүн укугун билген, өзүнө ишенген адам гана ийгиликке жетише аларын жазган.

 

“Жашоодо жаңы нерсени баштоого эч качан кеч эмес. 46 жашта да өзгөрүүлөрдү жасаса болот. Адам канчалык улуу жашка таяган сайын баарын жетишүүгө аракет жасайт экен. Мен дагы инновациялык компания ачтым, бул менин жашоомдогу кайталангыс мүнөттөр. Менин баракчам аркылуу укук жаатында маалыматтарды алып турасыздар”, -деген ойлорун бөлүшүп, ийгилик каалоону өтүнгөн.

 

"Марал ФМ"