“Кыргызнефтегаз” ААКсында жетекчиликте туруп ири өлчөмдө мамлекетке зыян келтирип, өзү болсо эбегейсиз байлык топтогон Исхак Пирматов бүгүнкү күнгө чейин эркиндикте жүрөт. Ал өзү түзгөн коррупциялык схема менен 23 сомдук бензинди 9 сомдон сатып, Кыргызстанга бери дегенде 600 млн. сом зыян алып келген.

 

Пирматовду 2012-жылы эле Башкы прокуратура коррупцияга айыптап чыккан. Бирок, парламент кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бербей койгону үчүн жоопкерчиликтен сырткары калган эле.

 

Бүгүнкү күндө Пирматов ар кайсы мамлекеттерде эс алып, элдин ырыскысынан уурдаган акчаларын каалагандай чачып жүрөт. Жакында эле маалымат сайттарынын бири анын АКШда 20 күндөй эс алып, ал жактан америкалык өндүрүштөн чыккан баасы асман чапчыган Devolro Expedition жолтандабас унаасын сатып алганын жарыялады. “Бул унаасын досунун атына каттатып, контейнер менен Кыргызстанга жөнөтүп койгон Исхак Пирматов азыр кымылдап, жаңы жолтандабасты күтүүдө. Devolro Expedition азыр америкадагы эң популярдуу кымбат машиналардын катарына кирет жана баасы $80.000.ден – 150.000 АКШ долларына чейин чапчыйт”, — деп жазылат аталган маалыматта.

 

Бүгүнкү күндө президенттин коррупцияга каршы күрөш боюнча саясий эрки бекем. Эски бийлик тушундагыдай тандалма, саясий атаандаштарын жок кылуу максатында болгон жасалма күрөш токтогон. Андыктан Пирматов тез арада камакка алынып, жегендерин эки эселеп кусушу керек. Коррупциялык аракеттери толугу менен далилденген мындай адамдын орду түрмөдө.

 

Бул маалыматты http://telegra.ph жазып чыкты

 

"Чагылган"