Учурда Ысык-Көлдүн Тоң районунда өтүп жаткан “Тескей жээк” этнофестивалы учурунда бүркүт сегиз жашар кызга кол салды. Аталган иш чарага катышкан жана окуяга күбө болгон кинорежиссер Эрнист Абдыжапаровдун айтуусунда, азыр жабырлануучунун абалы дурус. Ошол замат кыз ооруканага жеткирилип, дарыгерлер жаракатын тигип, үйүнө жиберилген. Кокустуктун болуп кетишинде эч кимдин деле күнөөсү жок экен. Көрсө, этнофестивалдын катышуучулары бүркүт, ит, аттарын параддан өткөрүп, бүркүтчүлөр куштарды агытып жатканда кыз тыюу салынган жерден капилет чыга калыптыр. Аңгыча тапталган бүркүт кызыл кийимчен кызды көрө коюп, ээсинин колунан учуп барып, тап берген. Анткен менен жаныбарларды тыткандай катуу кол салган эмес.  Ал уюштуруучулардын биринин сиңдиси экен жана Кудай жалгап көмкөрөсүнөн жата койгондуктан, бүркүт далысынан апчып, анчалык чоң жаракат албаптыр. Ошентсе да жыл сайын республикалык деңгээлде өткөрүлүп келаткан бул этнофестивалды жогорку деңгээлде уюштуруп, ушул сыяктуу кокустуктардын алдын алуу зарылчылыгы бар экени байкалууда. Айтайын дегенибиз, бүркүт, ителги салып куш агыткан этнофестиваль биз билгенден бир гана Кыргызстанда өткөрүлүп келүүдө. Бүркүт деле бир карышкырдан кем эмес эт жеп, адамдан кем эмес шартты талап кылат. Мындай түйшүктү мүнүшкөрлүк өнөрүнө кызыккан фанаттар гана аркалашат. Эгер спорт агенттиги азыркыдай кайдыгер мамиле жасабай, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берип, жок дегенде жарнама жагынан көмөк көрсөтүп койсо, улуттук баалуулуктарга кызыккан чет элдиктер да кызыгып, балким алыс-жакындан да келгендер болот беле? Канткен менен кыргыз элинин улуттук жүзү ушундай спорттук оюндар аркылуу билинет эмеспи.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №26, 18.07.2018-ж.