Ушул күндөрү Түркияда мындан эки жыл мурда (2016-жыл, 15-июль) ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш окуясы эскерилүүдө. Бир чети бул иш чара президент Р.Эрдогандын өз бийлигин бекемдеп, кайра шайлангандыгына, өлкөнү парламенттик башкаруудан президенттик кылып кайра түзгөн учуруна туш келүүдө. Жакында боордош өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат да дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратына жергиликтүү ММК өкүлдөрүн чакырып, маалымат жыйынын өткөрдү. Анда ал сүйлөгөн сөзүндө “Өздөрүн динчил, такыба, маданияттуу катары көрсөткөн гүленчилер эки жыл мурда Түркиянын парламентинин имаратына кол салып, аскердик учактар менен бомбалап, президентке кол салышты. Жалпысынан 270 адамдын өмүрү кыйылып, эки миңге жакыны жаракат алышты. Булардын системасы дүйнөнүн 170 өлкөсүндө бар. Алар керектүү учурда чыныгы жүзүн ушинтип көрсөтүштү. Тамыры терең жайылган гүленчилер эртеби, кечпи Кыргызстанга да коркунуч туудурбай койбойт...”,- деп айтты. Элчи андан мурда берген маегинде Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын, окуу акысы “Сапатка” караганда арзан болорун  жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын айткан болчу. Тилекке каршы кыргыз коомчулугунда расмий Анкаранын бул сунушуна карата карама-каршы пикирлер айтылууда. Бир чети мурдагы “Себат”, азыркы “Сапат” лицейлери мамлекеттин карамагына өтүп, КР Билим берүү министрлигинин көзөмөлүнө алынган. Ошондуктан алардын тарапташтары Түркиянын “Маариф” билим берүү мектептерин ачуу аракетин эгемендүү Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары баалашууда. Эмнеси болсо да бул талаш маселе президент Р.Эрдоган сентябрда Кыргызстанга келген учурда бир жагына чечилет окшойт. Кыргыз-түрк мамилеси да ушул жагдайга карап өнүгөрү байкалууда...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №26, 18.07.2018-ж.