Жакын арада эски бийликтин камалгандар командасынын катарын айтылуу Мээрбек Мискенбаев да толуктайт окшойт. Анткени өткөн жумада Финполиция “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчилигине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козголгонун маалымдаган.  Ал эми бул уюмду КСДПнын экс-депутаты М.Мискенбаев жетектейт. Текшерүүчү органдын билдирүүсүндө, алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү жеп коюшкан. ​Көрсө, 2010-жылы 7-апрелде Ала-Тоо аянтында шейит кеткен 86 жигиттин жана жарадар болгон бир жарым миңге жакын жарандардын атынан түзүлгөн бул уюмдун жетекчилери жеке кызыкчылыгын ойлогондугу тууралуу эл арасында айтылып жүргөн имиштер чын окшойт. Дал ушул ич ара пикир келишпестиктен улам болсо керек, быйыл апрелде “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурушкан болчу.​ Бирок М.Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды моюнга албай,  кылмыш ишинин козголушун “саясий куугунтук” деп баалады жана мунун баары март айында “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек” деп айтып чыккандан кийин башталганын билдирди. Чындыгында экс-президент А.Атамбаевдин буюртмасын аткарам деп, М.Мискенбаев А.Жээнбековдун мандатына асылгандыгын баарыбыз билебиз. Макул, саясый буюртма болсун деп эле коёлу. Бирок өзү жетектеген уюмдун мүчөлөрүнүн атын жамынып алган көмүрдүн акчасын кантип жашырат? Бул былык ишти бийлик менен эл кечирген учурда деле ошол маркумдардын арбагы кечирер бекен?

 

 

“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. кg” гезити