Чүй ОИИБинин маалыматына караганда, 10 жаштагы өгөй кыздарын аеосуз сабаган 35 жаштагы өгөй ата камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы Сокулук райондук сотунда каралган. Учурда ал 1-абакта кармалууда.
35 жаштагы Ш.А.га өгөй кыздарын сабоо боюнча айып тагылган.
Эске салсак, ушул жылдын 27-июнунда Сокулук районунун 35 жаштагы тургуну өгөй кыздарын дайыма сабап келгени белгилүү болгон. Кыздардын денесиндеги көгала тактарды көргөн кошуналары милицияга кабарлап, алар тестиерлерди ооруканага жеткиришкен. Кыздар өгөй атасы сабаганын билдиришкен. Алардын айтымында, өгөй ата полго быша элек буурчак чачып, анын үстүнө кыздары тизелетип отургузуп, балтырларына кирпич коюп, андан кийин антеннанын зымы менен сабачу.
Эгиздердин өз атасы алар 3 жашка чыкканда каза таап, апасы 2015-жылы кайрадан турмушка чыкканы маалым болгон.