Бүгүн  Нарында митинг болду.   Жумгал райондук   мамлекеттик администрациясынын алдына көмүр тартып оокат кылган жергиликтүү тургундар топтолушту. Күбөлөрдүн айтымына караганда, алардын саны жүзгө чукул болду.

 

Маалыматка караганда, топтолгон көпчүлүктүн арызы Жылуулук электр борборуна карата айтылды. Көмүр кенин чалгындагандар карьерлерде 10-15 күн көмүр болбой тургандыктан ЖЭБге күл тартып кетүүнү талап кылышкан. Алар мындан баш тартпай тургандыктарын, бирок ЖЭБ менен көмүр тарткандардын ортосундагы баа чыгымды актабашын билдиришти. 

 

"7-8 жылдан бери көмүр тартканыбыз үчүн 850 сомдон алабыз. Ал арада канча ирет күйүүчү майдын баасы көтөрүлдү, унаа тетиктери да кымбаттады. А биздин акыбыз гана жогорулабай, бир ордунда турат", - дешет алар. 

 

Митингчилердин талаптары: ЖЭБге  тартылып жаткан көмүрдүн баасын 1200 сомго көтөрүү;  Кара-Кече-Балыкчы унаа жолун оңдоо;  ЖЭБге тартылган көмүрдү сарайга түшүрүү учурунда айдоочулардан акча алып калууну жана   шамал деген шылтоо менен 300-500 кг көмүрдү арзандатуу менен алууну токтотуу;