Эл арасында айтылып калган жомоктор, уламыштар жөн жерден жаралбайт эмеспи. Ар бир жомоктун, уламыштын артында тарбиялык маани жана болгон окуя жатат. Ал кийинкилер үчүн сабак болууга тийиш. 

 

Тилекке каршы, андан баардык эле адамдар сабак ала беришпейт. Жанагы бир өмүр бою уурулук менен алектенип келген атасы уулу чоңойгондо аны да уурулукка үйрөтө баштаганы боюнча жомокту билесиздер да. Кыскача чаап айтканда мындай, ууру атасы уулун өзүнө чакырып, мындай дейт:

 

- Уулум, биздин ата кесибибиз уурулук. Мен да өмүр бою уурулук менен жан багып келатам. Эми сен аны улантышың керек. Бүгүн кечинде барып, кошунанын уюн уурдап келесиң.

 

Уулу атасына каяша сөз айтпай, башын ийкеп чыгып кетет. Ошол күнү кечинде кошунасыныкына барып, уйду жетелеп келет. Анан аны союшат, этин жиликтешет. Андан соң өздөрү жей ала тургандай бөлүгүн казанга салышат. Эт бышат.

 

Этти дасторконго алып келердин алдында, атасы менен уулу өз салмактарын билип коюу үчүн таразага түшүшөт. 

 

Андан кийин этти казандан чыгарып, тамактанышат. Тамактангандан кийин, экөө кайрадан таразага түшүшөт. Ошондо таң калычтуу көрүнүш болот. Атасынын салмагы мурдагысынан кайра азыраак болуп калат. Ал эми уулунун салмагы кошулган болот. Ошондо атасы буга таң калып сурайт:

 

- Эмнеге?

 

Анда уулу:

 

- Мен бул уйду уурдап эмес, ээсинен акчага сатып алып келгем. Андыктан мен эт бышкандан кийин эч нерседен коркпой, жайбаракат отуруп тамактандым. Сиз болсо, эки жакты карап элеңдеп, коркуп отуруп жедиңиз. Ошондуктан сиз салмак кошкон жоксуз, - деп жооп берген экен. 

 

Анын сыңары бүгүнкү күндө экс-президент АШАнын да абалы ушундай болуп тургансыйт. Бийлигинен пайдаланып, ашынган байлык топтоп алды. Бирок, ошонун үзүрүн кең-кесири көрө албай турат. Себеби, коррупцияга каршы күрөш анын «оң кол», «сол колдорун» термир тор артына камап аткан сайын, Атамбаевдин тамагынан аш өтпөй жатат. 

 

Мына ушундай байлыктын адам баласына кереги бар беле? 

 

http://telegra.ph/Aram-zhol-menen-tabylgan-milliondor-ASHAny-alkymdan-alyp-turaby-06-21