А.Жаналиевдин айтуусунда, И.Илмиянов 2017-жылдын декабрь айында андан Алмазбек Атамбаевдин стринг-арт стилиндеги (мык жана жип менен тартылган) портретин сатып алган. Экс-ажонун образы түшүрүлгөн сүрөттү Жаналиевдина айтуусунда, 10 миң долларга баалашкан. Илмиянов аванс катары 2500 доллар берип, калган сумманы Дубайдагы 3 сүрөт сатылгандан кийин бере турганын айткан.

 

Сүрөтчүнүн кызыкчылыгын коргогон жактоочу Искен Афиджанов АКИpress агенттигине өткөн жылы А.Жаналиев Дубайга барганда шейхтердин 3 сүрөтүн (жип жана мык менен) тартканын айтты. Бул сүрөттөрдү КРнын Дубайдагы башкы консулу Маматбеков алып калган.  Келишим боюнча ал аталган сүрөттөрдү сатышы керек болчу. А.Жаналиев чыгымын 52,2 миң долларга баалаган. Ал сүрөттөрдүн ар бирин 15 миң доллардан сатууну пландаган.

 

Икрамжан Илмияновдун жообун КСДП партиясынын басма сөз кызматы таркатты

 

“Сүрөтчү сүрөтүн Икрамжан Сатаровичке 2500 долларга саткан, ал эми 10 миң доллар жөнүндө сөз болгон эмес. Илмиянов менен Жаналиевдин сүйлөшүүсүнө күбө болгон адамдар бар. Эгерде ал сумма жакпаса анда ал акчаны кайтарып, сүрөттү кайра алып кетсе болот”,- дейт КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева.