Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина айыбы болгон учурда да шектүүлөрдү кармоонун маданиятына жетүү зарылдыгын белгиледи. Ал Кулматовдун колуна кишен салынганын айтып, "Ошончолук коркунучтуу кылмышкерби? Же террористпи?" - деген суроону койду. 

 

Ошондой эле депутаттын пикиринде, мурдагы президент Атамбаевдин убагында көп жакшы жетишкендиктер болду, ал киши алдына койгон максаттарынын баарын аткарды. Эми, КСДПнын каршылаштары шылтоого шыноо таап, ксдпчыларды каралоонун аракетин көрүшүүдө. 

 

"Биз депутаттар УКМКнын абагында отурган Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду, Осмонбек Артыкбаевди көрүп келдик. Кимдир бирөөнү калп айыпка жыгуудан карманышыбыз керек, анткени, мындай аракеттер бумеранг болуп кайтып келет. Биз принципиалдуу иликтөө болушун талап кылабыз. Ошол эле убакта УКМКнын абагы саясий туткундардын мейманканасына айланбашы керек", - деди Карамушкина. 

 

"Биз 1938-жылды жашап өттүк. Коррупция менен күрөш жүргүзүү туура, бирок, ашепке кетип, аны репрессия менен алмаштырып албайлы", - деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.