Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бардык премьер-министрлердин арасынан Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттын баамында жогорку орунда турат. 

 

Бул тууралуу депутат Камчыбек Жолдошбаев парламент жыйынында билдирди. 

 

Ал Нарын аймагында суук дагы деле кармалып тургандыктан, эл жайлоолорго көчө албай, капыс жааган кардан койлор кырылып жатканына токтолду. Андан ары өкмөт башчысынын ишмердүүлүгүнө өттү. 

 

"Нарындыктар мага айтышты, жакында өкмөт башчы ал аймакка иш сапары менен барды. Көп маселелерди ошол жерде чечип, бул болот, бул болбойт деп так кесе жыйынтык чыгарыптыр. Бул абдан жакшы. Баткенге баргандагы иш сапары телеканалдардан көрсөтүлду. Элге айткан кеби, маселелерди тереңден карай билгени мактоого арзыйт. Бирок, мен мактап эмес, калыстык үчүн айтып жатам. Бизде болгон бардык премьер-министрлерден Абылгазиевдин ишмердүүлүгү ат чабым алдыга кетти. Ушул темп менен кете беришин каалайм", - деди депутат.