Ушул күндөрү бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлү Футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан Россияга бурулуп атпайбы. Бул спорттук маанилүү иш чараны тынч, эч кандай кырсыксыз өткөрүү үчүн орус бийлиги колдон келген аракетин жасоодо. Себеби АКШ баштаган бир катар европалык өлкөлөр алгач ачылыш аземине бойкот жарыялап, ал тургай командаларын катыштырбоо аракетин да көрүштү.

 

Андай тилектерин ФИФА баштаган дүйнөлүк коомчулук колдобой, өздөрү эле мыш болушту. Бирок жакында Москвада таксист болуп иштеген жердешибиз Анарбек уулу Чыңгыздын рулду башкара албай калып, тротуарга чыгып жана арасында чет элдиктер болгон жөө жүргүнчүлөрдү коюп кетиши баарыбызды шок кылып койду. Айрым орус басылмалары айдоочуну мас болгон же бул атайылап жасалган терракт экендигин да оозанып жиберишти. Тергөө учурунда жердешибиз шаарда таксист болуп иштегенине бир ай убакыт болгондугу, 20 сааттай уктай электиги да белгилүү болду. Тергөөчүнүн “окуя болорго чейин канча саат рулда болдуңуз?” деген суроосуна, “чынын айтсам, 20 сааттай” деп жооп берди жана ага чейин 2-3 гана саат уктаганын билдирди. Алгачкы суракта ал адамдарды атайын сүзбөгөнүн, тормозду басам деп газды басып алганын айтканы, спирттик ичимдик ичпеси жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган. Ал арада бийлик билмексен болуп, ошол эле учурда жабырлануучуларды Кыргызстанга келип, ден соолугун калыбына келтирүүнү сунуш кылып атканда Москвадагы кыргыз мигранттар жердешибизге моралдык колдоо көрсөтүшүүдө. Азырынча Чыңгыз 2 айга камакка алынды. Ал кокусунан жолдон чыгып кеткен соң, акталарынан үмүт үзбөй туралы.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №23 (360), 20-июнь, 2018-ж.