Ош шаарындагы "Достук" кичирайонундагы каналга бир жаштагы бала кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, окуя кечээ болгон. Куткаруучуларга кабар келээри менен окуя болгон жерге барышып, бирок, тилекке каршы, баланын сөөгүн табышкан. Аны ата-энесине өткөрүп беришти. 

 

Окуя кандай орун алганы азырынча маалымдала элек.