Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачылса, ага 1 миллион сом котороорун убада кылды.
Эске салсак, депутат буга чейин парламенттеги бай депутаттар биригип, акча чогултуп, Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай банкынан алынган карыздан кутулууга аракет жасоо зарылдыгын белгилеген.
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев парламент жыйынында тышкы карыздар үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген.