Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Улукбек Кочкоров "Транс Азия" компаниясы кимге таандык экенин табууга аракет кылды. 

 

"Транс Азия" кимге таандык? Базада жок экен, бирок укканыма караганда, Анарбек Сатарович, анын ээси сиз экенсиз", - деди ал авто, суу унаалары жана весогабариттик көзөмөл Агенттигинин жетекчиси Анарбек Бекмуратов кайрылып. 

 

Ал аталган компания тууралуу кеңири маалымат алууну каалай турганын билдирди. "Сизге таандык болбосо анда, жогорку даражалуу чиновниктердин бириникидир", - деди Ормонов. 

 

Анарбек Бекмуратов "Транс Азияга" эч кандай катыштыгы жоктугун жана анын ээси ким экенин да билбей турганын айтты.