2018-жылдын 23-июнь күнү  бардык орто билим берүү мекемелеринде атестат тапшыруу аземи болот. Орто билим берүү мекемелериндеги тогузунчу класстар үчүн окууну бүткөндүгу тууралуу күбөлүгүн тапшыруу аземи 20-июнда өтөт. Буга байланыштуу  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ата-энелерине кайрылат: Бүтүрүүчүлөр тарабынан коомдук жайларда укук бузууларга баруусун, спирт ичимдиктерин ичүүсүн же авто бейбаштыктарга жол бербөө максатында салтанаттуу иш-чаралар учурунда жана андан кийин балдарыңардын кайда, кимдер менен жүргөндүгүн көзөмөлдөгүлө.  

 

Урматтуу ата-энелер!

Балдарыңардын мектепти тактыктуу бүтүп, эч кырсыксыз майрамдоосун колго алуу сиздердин милдеттериңиз.


Ал эми, милиция кызматкерлери биздин балдарды кылмыштуу иш-аракеттерден коргоо менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо тиешелүү деңгээлде иштерди алып барышат. Анткени, балдарыбыздын ден соолугу менен өмүрү башкы орунда турат.
 

КР Ички иштер министрлиги эскертет: Эгерде бүтүрүүчүлөр кандайдыр-бир укук бузууларга жол бере турган болсо, административдик жана кылмыш жоопкерчилилигине тартылып калышы мүмкүн.

 

Урматуу ата-энелер!

 

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-июлу № 185 “Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде, мыйзамга ылайык белгиленген жана аныкталган, балдардын ден соолугуна, алардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүү мүмкүн болгон коомдук жерлерге, түнкү убакыт - жай мезгилинде (1-июндан 31-августка чейин) саат 23.00дөн саат 06.00гө чейинки, жылдын калган мезгилинде - саат 22.00дөн саат 06.00гө чейинки убакыт аралыгында жаш өспүрүмдөргө алардын ата-энелеринин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосусуз түнкү мезгилдерде жүрүүсүнө тыюу салынган коомдук жерлер белгиленген:

 

1. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сексуалдык мүнөздөгү гана товарларды сатууга арналган объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

 

2. Пиво сатуучу ресторандарда, сыра, шарап барларында, алкоголдук азыктарды, анын негизинде даярдалуучу пивону жана башка ичимдиктерди гана сатууга арналган башка орун-жайларда.

 

3. Түнкү убакытта ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын) коштоосуз, балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын коштоосусуз балдардын болушуна төмөнкүдөй жерлерде тыюу салынат:

 

- көчөлөрдө, стадиондордо, парктарда, гүл бакчаларда;

 

- жалпы пайдалануудагы транспорттук каражаттарда;

 

- балдар жүргүнчү болгон учурларды кошпогондо, вокзалдардын жана аэропорттордун аймактарында;

 

- көлмөлөрдө жана аларга жанаша аймактарда;

 

- көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы колдонуудагы жерлеринде, көп батирлүү турак үйлөргө жанаша аймактарда, анын ичинде балдар жана спорт аянтчаларында;

 

- мыйзам менен белгиленген тартипте алкоголдук продукцияларды, анын негизинде даярдалган пивону жана ичимдиктерди чекене сатуу каралган, соода кылуу жана коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга арналган (уюмдар же пункттар), көңүл ачууларга, бош убакытты өткөрүүгө арналган (анын ичинде оюн-зоок борборлору, түнкү клубдар, мончолор, сауналар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында);

 

- "Интернет" маалыматтык-телекоммуникациялык тармакка жетүүнү камсыз кылууга арналган (анын ичинде интернет-кафе, интернет-клубдар) юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин объекттеринде (аймактарында, орун-жайларында).

 

Балдардын дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө көмөктөшүү жана аларга залал келтирүүнүн алдын алуу боюнча чараларды камсыз кылууга карата белгиленген талаптарды ата-энелердин (аларды алмаштыруучу адамдардын), балдардын катышуусу менен иш-чараларды жүзөгө ашыруучу адамдардын, юридикалык жактардын же жеке ишкерлердин сактабоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы