Ички иштер миинстрлиги учурдун талаптарын эске алуу менен ички тартипти чындоо багытында мыйзам талаптарын так аткарбаган жана ишине кайдыгерлик менен мамиле кылган, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүн кесиптик жогорку чеберчилигин көрсөтө албаган, колу таза эмес, коомдун жана милициянын кадыр баркына доо кетирген кызматкерлерден арылуу багытындагы ыкчам иш чараларын белгилеп жана аларды аткарууну бүгүнкү күндүн негизги багыты катарында эсептейт.

 

Ошондой ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы тарабынан ИИМдин жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн айрым бир кызматкерлери бангизат менен кармалган оор кылмышка шектүү жаранды качырып жиберишип, аны эч кимге билдирбестен жаап, жашырып койгон фактысын аныктады.


Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Сокулук районундагы РЭСтин жанынан Ш.Ш. аттуу жаран “Ниссан НХ” маркасындагы автоунаасынан 59 шт. шайба түрүндөгү 404 грамм банги зат алынган. Аталган факт боюнча кылмыш жана жаза кодексинин 247 -беренеси (Баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү) менен иш козголуп, тиешелүү иликтөө, издөө иштери улантылган.


Тергөө иш чараларынын жүрүшүндө түшкөн ыкчам маалыматтарга ылайык Панфилов районунда катылган бангизаттарды түн ичинде издөө учурунда милиция кызматкерлеринин шалаакылыгынан өзгөчө оор кылмышка шектелип жаткан Ш.Ш. аттуу жаран кайтарууга алуу чараларын жакшы көзөмөлгө алынбагандыгын байкап, абалдан пайдаланып качып кеткен.


Кызматтык иликтөө учурунда окуя боюнча айрым милиция кызматкерлери өздөрүнүн түздөн-түз кызматтык милдеттериндеги талаптарына жооп бербеген абалда иш алып баргандыгынан, өз ишине кайдыгерлик менен мамиле кылгандыгына байланыштуу, ири өлчөмдөгү банги затты мыйзамсыз алып жүргөн, өзгөчө оор кылмышка шектелүүчү Ш.Шнын тергөөгө тоскоол болуп качып кетишине кырдаал түзүлүп, качып кетүү фактысы орун алгандыгы аныкталды.


Бул көрсөтүлгөн жагдайлар Сокулук РИИБнүн жана ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиликтери тарабынан тийиштүү көзөмөлдүн жоктугунан, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдө уюштуруу иштерин жетиштүү денгээлде иш алып барышпагандыган ушундай абал пайда болгондугу белгилүү болду.


Ошондой эле кызматтык милдеттеринин талап эрежелерин одоно түрдө бузуп, тергөөгө тиешелүү иш чаралар өз убагында так жана мыйзам талап кылган денгээлде жүргүзүлбөгөндүгү такталып, аталган фактыга түздөн түз тишеси бар кызматкерлерге карата ИИМдин буйругу менен тартип жазалары берилди.


Алар, Сокулук РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөт тескөөчүсү Т. Абыковго, ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы И.Бакировго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы, Сокулук РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы М. Иманалиевге, Сокулук РИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөтүү тобунун милиционери А.Масырбековго “катуу сөгүш” тартиптик жазалары берилди. Ошондой эле ИИМдин бангизаттарды жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам издөө башкармалыгнын башчысы Р.Ушамиевге жана Сокулук РИИБнүн башчысынын орун басары Кенешбек уулу Олжобекке “сөгүш” тартиптик жазасы берилди.


Жогоруда аталган факт боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусунун толук көчүрмөсү жана чогултулган бардык материалдар милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароого жана алардын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү үчүн Сокулук райондук прокуратурасына жөнөтүлдү.