Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын тил жана адабият институту Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине карата китептерин чыгарарууга 5, 5 миллион сом коротот. Бул тууралуу маалымат  мамлекеттик сатып алуулар порталында  жайгаштырылды. 

 

Анда айтылгандай, каражат жазуучуга арналган "Манастай айкөл" аттуу ырлар жыйнагынын эки  томуна, Айтматовдун чыгармаларын изилдеген кыргыз тилиндеги үч томдук жана орус тилиндеги беш томдук  эмгекке коротулат. Алардын ар бири миң нускадан жарык көрөт. 

 

Андан тышкары, бир миллион сом  "Ч. Айтматов" аттуу үч томдук экциклопедияны 1200 нускада чыгарууга бөлүнөт.